Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:57

Лавров: Орусия Сирияны абадан коргонуу системасы менен камсыз кылат


Сергей Лавров.

Орусия Сириянын армиясына С-300 зениттик-ракеталык комплексин бериши мүмкүн. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров "РИА" агенттиги менен болгон маегинде билдирди. 20-апрелде жарыяланган интервьюсунда министр буга чейин Батыш өлкөлөрү өтүнгөнү үчүн Москва Дамаскка абадан коргонуу системасын бербей келгенин айтты. Ал АКШ, Британия жана Франция Сирияга абадан сокку ургандан кийин бул оюн өзгөрткөнүн ишара кылды.

14-апрелде Батыштын үч өлкөсү Дума шаарчасындагы химиялык чабуул катары сыпатталган окуяга жооп иретинде Сирия армиясына таандык мекемелерди 100дөн ашык ракета менен аткан.

7-апрелде Думадагы өкмөттүк күчтөрдүн чабуулу катары мүнөздөлгөн окуяда хлор жана зарин газдары колдонулганы, андан 40тан ашык кишинин өмүрү кыйылганы кабарланган. Дамаск менен Москва химиялык курал колдонулбаганын билдирип жатышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG