Коомдук ишмер, саясатчы Накен Касиев жаңы шайлана турган өкмөттүн курамы боюнча “Азаттыкка” өз пикирин билдирип, бул өкмөттү иш билги катары баалады:
- "Жаш, прогрессивдүү жана креативдүү өкмөт" деп жаттык эле, тилекке каршы, мурдагы өкмөттүн деле жашы кыска болуп калды. Ал эми азыркы жаңы өкмөткө келген адамдардын көбү менин көңүлүмө жакты. Анткени мында улуу муун менен жаш муун аралашкан, комедия да эмес, трагедия да эмес, саясат менен куралган курам болуптур. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Абылгазиев да бир топ жолду басып өткөн, министр, вице-премьер-министр, аппарат башчылыкка чейин иштеген. Өзү токтоо, салабаттуу жигит, менимче азыр өкмөттү былк эттирбей башкарып кете алат. Андан сырткары биринчи вице-премьерликке көрсөтүлгөн Боронов ишти билген киши. Социалдык иштер боюнча вицеликке Алтынай Өмүрбекова туура тандалган, Саламаттык сактоо министрлигине көрсөтүлгөн Космосбек бул тармакты түшүнөт. Мен азыркы жаңы өкмөттүн курамын кесипкөй, иш билги адамдар деп баалаар элем. "Мурдагы жүздөр" дегендерге кошулбайм, жаш, кокусунан келген адамдар деле жыргата албаганын көрдүк го. Булар "мурдагы" деген менен ошол мамлекеттик кызматтын тепкичтеринин баарын басып өткөндөр да, - деди Накен Касиев.
Касиев ошондой эле бул өкмөт мамлекетти кыйын кырдаалдан чыгарып кетет деп ишене турганын кошумчалады.
19-апрелде Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдогон. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришкен. Кийин өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Мындан соң парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдогон. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн программасын, тутумун жана курамы карашууда. (ErN)