Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:46

АКШ Кубанын жаңы лидерин "репрессияларды" токтотууга чакырды


Мигель Диас-Канель.

Кошмо Штаттар Кубанын жаңы лидери Мигель Диас-Канелди өз элине каршы “куугунтукка чекит коюуга” чакырды. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, Вашингтон жаңы жетекчи шайланбай эле, парламент тарабынан тандалганына өкүнөт.

Бейшемби күнү Кубанын жаңы лидери жана Мамлекеттик кеңештин төрагасы катары ант берген 57 жаштагы Диас-Канель аралдын тышкы саясаты “өзгөрбөсүн”, социалисттик идеялардан кайтпасын билдирди.

Анын талапкерлигин Улуттук ассамблеянын - парламенттин бардык мүчөлөрү 19-апрелде колдошкон. Буга чейин бул жогорку кызматты 86 жаштагы Рауль Кастро ээлеп келген. 2008-жылы ал агасы Фиделдин ордун баскан.

Ошентип, жарым кылымдан бери биринчи жолу Кубаны Кастро үй-бүлөсүнүн мүчөсү болбогон киши башкармакчы. Бирок Рауль Кастро Коммунисттик партиянын жетекчиси бойдон кала берет. Ушундан улам айрым эксперттер бийлик алмашууну символикалык деп аташууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG