Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Амангелди Муралиев: Өкмөттүн курамын күчтүү деп айта албайм


Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Жаңы өкмөттүн курамы бекитилип жатканына байланыштуу “Азаттык” айрым эксперттердин жана саясий ишмерлердин ойлоруна орун берип жатат. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев жаңы өкмөттүн курамына “жоктон көрө жогору” деген баа берерин билдирди:

- Бул өкмөттүн курамында ар кайсы партиялардын талапкерлери, кадрлары бар экен. Албетте, тажрыйбалары бар кишилер, мурдагы жаш өкмөткө караганда түзүгүрөөк, бирок күчтүү команда чогулду деп айта албайм. Абылгазиевди деле премьер-министрлик кызматка толук ылайыктуу деп эсептебейт элем. Ошондуктан мен бул өкмөттү жөн гана компромисттик вариант деп айта алам. Булар эми кызматтан кеткен өкмөттөн айырмаланып элге жакыныраак иш алып барышса болгону. Жаңы өкмөттүн негизги милдети - экономикаканы өнүктүрүү, кайра иштетүүнү жандандыруу, жумуш орундарын түзүү маселелерин карашы керек. Экинчиден өндүрүшкө жана айыл чарбасына түздөн-түз инвестицияларды тартууну күчөтүшү керек. Коррупцияны кыскартышы керек. Анан социалдык проблемалар, мектептерди куруу, ооруканаларды оңдоо жана башка маселелерди алар ансыз да жасоого милдеттүү, - деди Амангелди Муралиев.

Кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдогон. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш берген. Кийин өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Мындан соң парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдогон. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн программасын, тутумун жана курамы карап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG