Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Түркмөн бийлиги чет жакка кеткендерди артка кайрууга аракет кылууда


Ашхабад шаары.
Ашхабад шаары.

Түркмөн бийлиги чет өлкөлөрдөгү мигранттарын артка кайтарыш үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизип жатат. Түркмөнстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги маалымат булагы "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдиргендей, чет өлкөдө төрөлгөн түркмөн балдарга 18 жашка чыкканга чейин Түркмөнстандын жарандыгы берилбейт. Ушундан улам балдарына жарандык алууну каалагандар мекенине кайтып келиши керек болот.

Ошондой эле көптөн бери Түркмөнстанга келбей жүргөн мигранттардын балдары акысыз медициналык тейлөө, жөлөкпул сыяктуу социалдык жеңилдиктерден да ажырашы мүмкүн. Буга чейин Түркмөнстанда отузга толо элек эркектер чет өлкөгө чыгарылбай жатканы белгилүү болгон.

Байкоочулар экономикалык каатчылыктан улам түркмөн мигранттары мурдагыдай Түркияга эле эмес, Азербайжанга, коңшу Казакстанга да кетип жатышканын, Гурбангулы Бердымухамедов башында турган бийлик эмгекке жарамдуу жарандардын жапырт өлкөдөн чыгып кетишине бөгөт койгусу келээрин айтышат.

XS
SM
MD
LG