Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Кабулда жанкечтинин чабуулунан 12 киши мүрт кетти


Кабулда жанкечтинин кол салуусунан кеминде 12 киши мүрт кетип, 57 адам жарадар болду.

Коомдук саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахид Мажрох 22-апрелде болгон жарылуунун курмандыктарынын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Жанкечти каттоо борборунда паспорт алууга кезекте турган адамдарды бутага алган. Окуя шииттер көп жашаган Кабулдун батыш районунда болду.

Октябрда өтчү шайлоого карата 14-апрелде Ооганстанда добуш берүүчүлөрдү каттоо башталган эле. Элдин көбү дал ушул каттоого катышып жаткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG