Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Ереванда кармалгандардын саны элүүгө жетти


Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы жүрүш учурунда полиция 49 адамды кармап кетти. Алардын арасында оппозиция лидерлери Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да бар. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады. Оппозициялык депутат Мирзояндын аялы Гоар Абаджяндын айтымында, кармалгандар Шенгавит полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Бүгүн демонстранттар нааразылык акцияны улантып, Еревандын административдик Еребуни районуна кирип келишкен. Полиция аларды таркатууга аракет кылып, кулак тундуруучу куралдарды колдонгон.

Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар 10 күндөн бери уланууда. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылып келатат. Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин полиция 200дөй адамды кармаганын кабарлаган. "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда.

XS
SM
MD
LG