Хьюстондо Барбара Бушту акыркы сапарга узатуу зыйнатына экс-президенттер Жорж Буш, анын уулу, Билл Клинтон жана Барак Обама катышты. Маркумду узатуу зыйнатында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Пентагондун мурдагы жетекчиси Роберт Гейтс да болду. Барбара Буш менен коштошууга Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп келди.
АКШнын мурдагы биринчи айымы Барбара Буш 92 жашында 17-апрелде көз жумган. Барбара Буш - 1989-1993-жылдары өлкө башында турган Американын 41-президенти Жорж Буштун зайыбы жана Кошмо Штаттардын 43-президенти болгон кенже Жорж Буштун энеси эле.
Барбара Буш коомчулуктун эсинде жолдошунун ишенимдүү жубайы, чоң үй-бүлөдөгү мээримдүү эне, бир баласы президент, экинчи уулу губернатор болгон аял катары калды.
Кабарларга караганда, Барбара Буштун жүрөгү жана өпкөсү ооручу.
Барбара жана Жорж Буш 1945-жылы баш кошкон. Алар алты балалуу болуп, бир кызы наристе кезинде чарчап калган. Жубайлар 72 жыл чогуу түтүн булатты.