Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Армян бийлиги митингде депутаттар кармалганын ырастады


Сасун Микаелянды кармоо учуру.
Сасун Микаелянды кармоо учуру.

Армениянын Башкы прокуратурасы жекшемби күнкү нааразылык акциясынын учурунда кармалгандардын арасында оппозициялык депутаттар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян кармалганын ырастады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Анда эл өкүлдөрү полициянын чакырыгына карабай мыйзамсыз акция уюштурганы үчүн кармалганы маалымдалган.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, депутаттар кармалганы тууралуу маалымат мыйзамга ылайык Армения парламентинин спикери Ара Баблоянга билдирилди. Эгер прокуратура 72 саат ичинде кармалгандарга айып такса, депутаттарды камакка алыш үчүн алардын депутаттык кол тийбестиги тууралуу маселени парламент атайын отурумда карашы керек.

Жекшембиде Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы жүрүш учурунда полиция 49 адамды кармап кеткен. Алардын арасында оппозиция лидерлери Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да бар экени айтылган.

Кечээ демонстранттар нааразылык акциясын улантып, Еревандын административдик Еребуни районуна кирип келишкен. Полиция аларды таркатууга аракет кылып, кулак тундуруучу куралдарды колдонгон.

Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар 10 күндөн бери уланууда. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылууда. Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин полиция 200дөй адамды кармаганын кабарлаган. "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG