Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Аравандын тургуну 4 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды


Аравандык тургундан алынган баңгизат.
Аравандык тургундан алынган баңгизат.

Ички иштер министрлигинин Ош шаардык баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат алып жүргөн Аравандын тургунун колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган 42 жаштагы жарандын чөнтөктөрүн кароо учурунда жанынан 7 граммдай баңгизат алынган. Андан ары соттун чечими менен шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон, атайын жыты бар порошок салынган төрт таңгак табылган.

Экспертизага ылайык, ал апийим болуп чыккан. Анын салмагы 4 килограмм 433 граммды түзгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси ("Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизаттарды же аң-сезимге таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү") беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG