Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары башталды. Ал бүгүн Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, анда эки мамлекет ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтык талкууланганын өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Бердымухаммедовдун бул сапарында Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (TAPI) газ куурунун курулушуна негизги көңүл бурулаарын, түркмөн президенти өзбек тараптан бул долбоорго жардам көрсөтүүнү суранышы мүмкүн экенин түркмөн өкмөтүндөгү айрым булактар "Азаттыкка" билдиришкен. Түркмөн газын Индияга чейин жеткирүүнү көздөгөн бул долбоордун жалпы наркы 10 миллиард доллар деп эсептелип, анын 8,5 миллиардын түркмөн тарап каржылай тургандыгы кабарланган. "Бирок экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан Түркмөнстан мынча каражатты таба алабы?" деп суроолор жаралган.
Бердымухаммедов акыркы жолу 2016-жылдын сентябрында мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов көз жумгандан кийин Өзбекстанга барган. Каримовдун ордун баскан Мирзиёев алгачкы чет өлкөлүк сапарын 2017-жылдын март айында Түркмөнстандан баштаган.