Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Дуров 29-апрелде "Телеграмды" колдогон акция өткөрүүгө чакырды


Павел Дуров.
Павел Дуров.

"Телеграм" социалдык түйүнүн негиздөөчүсү Павел Дуров кагаздан жасалган учактарды учуруу акциясын дагы бир сыйра 29-апрелде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына жазды. Бир күн мурда Орусиянын ар кыл аймактарында социалдык түйүндү жабууга каршы ушундай эле акция өткөн. Ага кошулгандар өз терезелеринен кагаз учактарды абага коё беришкен. Дуров эркин Интернетти колдогон ар бир орус жаранына ыраазычылыгын билдирди.

Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "террористтер да сүйлөшүү үчүн колдонот" деген негизде "Телеграм" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоону убада кылып келген компания мындай талапты аткаруудан баш тарткан.

Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүндү Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

Иши чектелгенине карабай Орусияда "Телеграмды" колдонгондордун катары көбөйүп жатат. Тагыраагы мессенжер блоктолгон күнү, 16-апрелде telegram.org сайтына Орусиядан 1,2 млн. интернет-колдонуучу кирген. Ал эми анын тиркемесин көчүргөндөр бир жумада эки эсе көбөйүп, 102 миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG