Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Электр станциялары” ачык акционердик коомун сотто жеңип алды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук соту “Электр станциялары” ишканасынын экспертке койгон 1 млн. сом доосу боюнча өтүнүчүн четке каккан.
- Мен 2017-жылдын 1-июнунда 24.kg агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилери Кыдырбаев менен Боркоевдин коррупциялык иштери тууралуу айткам. "Алар ар-намысыбызга шек келтирди" деп мага 1 млн. сом доо коюшкан. Ошону сот четке какты, - деди Умбеталиев.
Расул Умбеталиев эксперт катары энергетика тармагындагы коррупциялык иштер тууралуу байма-бай айтып келет.
Ал эми “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчиси Улук Кыдырбаев менен анын орун басары Бердибек Боркоев Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупциялык иштерге байланыштуу УКМКнын тергөө абагына камалган. (UEz)