Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:31

Ош шаарынын жана Жалал-Абад облусунун милиция башчылары алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык милициясынын мурдагы башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы болуп дайындалды. Аны жамаатына ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков тааныштырды.

Буга чейин облустук милицияны Акылбек Мамасейитов жетектеп келген. Ал Тогуз-Тородогу 11-апрелдеги тополоңдон кийин кызматынан алынып, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Ош шаардык милициясынын башчысы болуп Жолдошевдин ордуна Мурат Боронов дайындалды. Ал ага чейин Ош облустук милициясын жетектеген. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG