Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Таласта калайман мушташтан эки окуучу бычак жеди


Таластын кире бериши.
Таластын кире бериши.

Талас шаарындагы №5-мектептин 11-классынын окуучулары менен мектепти былтыр бүткөн балдар мушташа кетип, эки баланын бутуна бычак сайылган. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, окуя боюнча териштирүү башталды.

Мушташтан жабыркагандар бейтапканага түшкөнүн Чолпон Мамбетов атындагы облустук оорукананын өкүлдөрү да ырасташты. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бүтүрүүчү класстын окуучулары учурда үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми мектепти бүтүп кеткен 20 жаштагы балага учурда операцияга жасалып жатат.

Мушташка он бештей бала катышканы айтылууда. Балдар ооруканага болжол менен бүгүн саат 14:00 чамасында түшкөн. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG