Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди аралыктан окутуу платформасын иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, атайын иштелип чыккан мобилдик тиркеме менен мугалимдер эми ар кандай нерселерди үйрөнүп, кесиптик дараметин арттыра алат.
Учурда министрликке караштуу Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда тренинг-сабактар, онлайн курстар жана тесттик тапшырмалар тиркемеге ылайык санариптештирилип жатат. Тиркемеге окутуучуларга керектүү электрондук усулдук комплекстер киргизилет.
Аралыктан окутуу платформасы ушул жылдын сентябрь айынан баштап ишке кирет.
Билим берүү министрлиги кабарлагандай, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу беш жыл сайын жүргүзүлүп турат. Анда бир курс 72 сааттан (эки жума) туруп, анын ичинде үч күн мектептерде, бала бакчаларда, гимназияларда жана лицейлерде такшалма болот. Былтыр Кыргызстанда 7 миң 527 педагогикалык кызматкер квалификациясын жогорулаткан. (ErN)