Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Армян оппозициясы премьер-министр апта соңуна чейин шайланарын жарыялады


23-апрелдин кечинде Ереванда болгон митинг.
23-апрелдин кечинде Ереванда болгон митинг.

Дүйшөмбү күнү кечинде Еревандын “Республика” аянтындагы миңдеген адамдар катышкан митингде каршылык кыймылынын лидери, оппозициялык депутат Никол Пашинян премьер-министр апта соңуна чейин шайланарын жарыялады.

“Азаттыктын” армян кызматынын маалыматына караганда, Пашинян Серж Саргсяндын кызматтан кетиши боюнча митингге чыккандардын биринчи талабы аткарылганын айтып, ал эми экинчи талап Улуттук кеңештен эл өкүлүн өкмөт башчы кылып шайлоо экенин эске салды.

- Элдин ичинен жаңы премьер-министр шайлангандан кийин, убактылуу өкмөт түзүлүшү керек. Эгер мөөнөтсүз парламенттик шайлоо тууралуу айта турган болсок, ал мүмкүнчүлүккө карап, кыска мөөнөт ичинде өтүшү зарыл, - деди Никол Пашинян.

Оппозиция лидери 25-апрель, шаршемби күнү “Марриот Армения" мейманканасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян менен “бийликти тынч өткөрүп берүү маселеси” боюнча сүйлөшүүлөр болорун билдирди.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күндөн бери тыйылбай жаткан. Ири демонстрациялардан улам 23-апрелде өкмөт башчы кызматын тапшырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG