Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Армениядагы "баркыт ыңкылабы"


Ереванда премьердин кызматтан кетишин майрамдашууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:23 0:00

Ереванда премьердин кызматтан кетишин майрамдашууда

Арменияда өткөн аптада эле премьер-министрликке келген Серж Саргсян кызматтан кетти. Бул тууралуу билдирүү өкмөт башчынын расмий интернет сайтына жарыяланды.

“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, - деп жазылган Серж Саргсяндын билдирүүсүндө.

Бул кабарды Еревандын борбордук аянтына чогулган жүздөгөн демонстранттар кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар менен кабыл алышты.

"Армения Республикасынын сыймыктуу жарандары, силер жеңдиңер",-деп билдирди бир күн тергөө абагына отуруп чыккан оппозициячыл депутат Никол Пашинян "Республика" аянтына чогулгандарга.

Арменияда премьер-министр Серж Саргсян кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй министрлер кабинети чукул жыйынга чогулуп, анда өкмөт башчынын ыйгарым укуктары анын биринчи орун басары Карен Карапетянга өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Карен Карапетян төрагалык кылган өкмөттүн чукул жыйыны, 23-апрель 2018-жыл.
Карен Карапетян төрагалык кылган өкмөттүн чукул жыйыны, 23-апрель 2018-жыл.

Кызматтан кеткен өкмөт башчы мындан аркы кадамдары тууралуу эч нерсе айткан жок. Мамлекеттик башкарууда эмне өзгөрүү болору азырынча белгисиз.

Саргсяндын Республикалык партиясы парламенттеги 105 мандаттын 58ине ээ. Ал эми алар менен коалициялык көпчүлүккө кирген “Дашнакцутюн” фракциясынын жети мандаты бар. Андыктан башкаруучу колиция жаңы өкмөт башчыны оңой эле шайлай алат. Эксперттердин белгилешинче, Саргсян формалдуу түрдө кызматын тапшырганы менен көмүскөдө туруп, мамлекетти башкара бериши мүмкүн. Ошондой эле Саргсяндын билдирүүсүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу сөз жок. Вице-премьер-министрликке дайындалган Карен Карапетян да Саргсян сыяктуу Тоолуу Карабактан чыккан. Бир жарым жыл премьер-министрдин кызматын аркалап туруп, апрелдин башында ал орунду Саргсянга бошотуп берген.

Еревандын көчөлөрүндө эл Саргсяндын кетишин майрамдап жатышат.

Москвалык саясат талдоочу Аркадий Дубновдун Армениядагы окуялар тууралуу маеги. (орус тилинде)

Окуялардын өнүгүшү

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күндөн бери тыйылбай жаткан.

Полициянын эскертүүлөрүнө карабай, бүгүн да миңдеген демонстрант Еревандын борбордук аянтына чогулушкан. Кечээ тартип коргоочулар алардын лидери Никол Пашинянды жана дагы эки депутатты кармап кеткен.​

Башкы прокурордун кеңсеси оппозициялык үч депутат – Пашинян, Арарат Мирзоян жана Сасун Микаэлян 72 саат камакта калышаарын маалымдаган. Үч лидер бүгүн Серж Саргсян кызматтан кетүү тууралуу арыз жазаардын алдында бошотулду.

Нааразылык акциясынын катышуучулары бүгүн бир нече топко бөлүнүп, шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жүрүш уюштурууну макулдашкан.

Кечинде болсо Еревандагы Республика аянтында ири акция уюштуруу пландалып жаткан. Түшкө жакын жүрүшкө чыккан демонстранттарга аскердик форма кийген жүздөгөн киши кошулганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлаган.

Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришкен.

Армян элинин айрым маданият жана спорт өкүлдөрү да демонстранттарга колдоо билдирген.

Ереванда бүгүнкү жүрүштөрдөн улам борбордук көчөлөрдүн көбүндө жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Демонстранттар шаардын ар кыл райондорунда жолду тороп, автоунааларды өткөрбөй, Серж Саргсян жана өкмөтү кызматтан кетмейинче, акцияларын уланта беришерин айтышкан.

Армениянын үчүнчү чоң шаары Ванадзордо "Глория" деп аталган кийим тигүүчү фабриканын кызматкерлери да иш таштаган.

Пашинян - демонстранттардын лидери

Кечээ нааразылык чыгууларын баштап келаткан оппозициячыл депутат Никол Пашинян жекшембиде премьер менен жолугуп, бирок сүйлөшүүлөр башталаары менен Саргсян “шантажга” моюн сунбасын айтып чыгып кеткен. Пашинян өкмөттүн отставкасынан башка маселе талкууланбасын билдирип жаткан.

Жекшемби күнү көп узабай беткап кийген полициячылар менен коопсуздук кызматкерлери опппозиция өкүлү баштаган кербендин жолун тороп, элди токтотуу үчүн кулак тундуруучу граната колдонушкан. Ортодо кагылышуу тутанган. Саламаттык сактоо министрлиги жети киши ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Жогоруда айтылгандай, Пашинянды кошкондо үч депутат, алардан тышкары 230дан ашуун кишини тартип коргоочулар кармап кеткен.

Ереванда он миңдеген адам митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

42 жаштагы Никол Пашинян - мурдагы журналист, 2000-жылдары саясатка аралашкан. “Жарандык келишим” партиясынын лидери, 2016-жылы “Елк” либералдык кыймылына кирген. Былтыркы парламенттик шайлоодо “Елк” болгону тогуз мандат алган. Бул кыймыл Армениянын Европага интеграциясын, Евробиримдик менен эркин соода жүргүзүү боюнча келишимин колдогон. Ошол эле маалда Армениянын Орусиянын жетегиндеги аймактык бирикмелерге киришине каршы.

Еревандагы митингге он миңдеген адамдар катышты.
Еревандагы митингге он миңдеген адамдар катышты.

2015-жылы Саргсяндын демилгеси менен өткөрүлгөн референдумдан кийин Армения парламенттик системага өтүп, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылган, премьердики болсо кеңейтилген.

Оппоненттер 17-апрелде өкмөттүн башына келген Саргсян бийликти өз колуна топтооого умтулууда деп айыпташкан.

Серж Саргсян.
Серж Саргсян.

Оппозиция ошондой эле премьерди Москва, президент Владимир Путин менен жакындашуу багыты үчүн сындашкан.

Баса, Путин да эки жогорку кызматты алмак-салмак аркалаган. 2008-жылы өкмөттү башкарып, кийин кайра мамлекет башчы болгон. Дагы бир регионалдык лидер, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да беш жыл премьер болгондон кийин президенттикке шайланган.

Саргсяндын кызматтан кеткенин уккан демонстранттардын маанайы
Ереванда премьердин кызматтан кетишин майрамдашууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:38 0:00

22-апрелде жасаган билдирүүдө АКШнын Еревандагы элчилиги полиция жана демонстранттарды “зомбулуктан карманууга” жана “кырдаалдын курчушунун алдын алууга” үндөгөн.

Нааразылык акциялары Еревандан тышкары Гюмри жана Ванадзор шаарларында уланып жаткан. ​

Элдик толкундоолорго негиз болгон Серж Саргсян 2008-жылдан 2018-жылга чейин Армениянын президенти болуп турган. Анын партиясы парламентте көпчүлүк орунду ээлейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG