Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Армения: аскерлер демонстранттарга кошулду

Армениянын баш калаасы Ереванда премьер-министр Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылып, жүрүшкө чыккан демонстранттарга аскерлер да кошулуп кеткени кабарланууда. Аскердик кийим кийгендер кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, "эл менен болууну" чечишкенин айтып беришти.

Ереванда бүгүнкү жүрүштөрдөн улам борбордук көчөлөрдүн көбүндө жол кыймылы үзгүлтүккө учурады. Демонстранттар шаардын ар кыл райондорунда жолду тосуп, автоунааларды өткөрбөй жатышат.

Армениянын үчүнчү чоң шаары Ванадзордо "Глория" деп аталган кийим тигүүчү фабриканын кызматкерлери иш ташташты.

Жекшембиде он миңдеген адам митингдерди баштап жүргөн оппозициячыл депутат Никол Пашиняндын кармалышына каршылык иретинде баш калаа Еревандын Республика аянтына чогулган. Оппозициячыл депутат өкмөт башчы Серж Саргсян менен сүйлөшүү өткөргөндөн көп өтпөй кармалган. Премьер-министр оппозиция аны “шантаж кылып жатат” деп үч мүнөткө жетпей сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялар кеминде 11 күндөн бери тыйылбай жатат.


XS
SM
MD
LG