Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Дональд Трамп Эммануэл Макронду кабыл алды


Эммануэл Макрон Вашингтонго келген учур. 23-апрель, 2018-жыл.
Эммануэл Макрон Вашингтонго келген учур. 23-апрель, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кечинде Ак үйдө Франциянын президенти Эммануэл Макронду кабыл алды.

Француз мамлекет башчысы Вашингтонго келээри менен жубайы Брижит Макрон экөө белек катары ала келген аска дарагын (скальный дуб) Трамп жана биринчи айым Мелания менен чогуу Ак үйдүн короосуна отургузушту. Дарак Биринчи дүйнөлүк согушта 9 миң америкалык аскер каза болгон Франциянын районунан алынып келген.

Андан кийин эки президент, алардын жубайлары Вашингтондун тарыхый жайларына тик учак менен саякат жасашты.

Француз президенти Эммануэл Макрондун АКШдагы сапары үч күнгө уланат. Макрондун Вашингтондогу сапары маалында Тегерандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы кабыл алынган келишимге өзгөчө көңүл бурулат деп күтүлүп жатат. Шаршембиде Эммануэл Макрон АКШ конгрессинде билдирүү жасайт.

АКШ президенти Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнөн бери сындап келет. Келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлмак.

Макрон жекшембиде "Fox News" телеканалына берген интервьюсунда АКШ Тегеран менен болгон көп тараптуу макулдашуудан чыгып кетсе, Ирандын өзөктүк программасы боюнча Франциянын “Б планы” жоктугун билдирген. Ошондой эле ал Вашингтонду дагы бир жаңы келишим табылганга чейин макулдашууда кала берүүгө чакырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG