Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Бүгүн Бишкекте салттуу музыка боюнча жыйын өтөт


Кыргыз кыздары улуттук аспаптар менен.
Кыргыз кыздары улуттук аспаптар менен.

“Дүйнөлөшүү шартында улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу салттуу музыканын ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Бишкекте Улуттук илимдер академиясында болот.

Жыйында “Салттуу музыкалык искусствону изилдөө маселелери” жана “Маданият, искусство жана дүйнө тааным маселелери” деген отурумдар белгиленген. Анда кыргыз элинин музыка дүйнөсүнүн өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу сөз болот.

Конференция эртең да ошол эле жерде уланат. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалыктын алкагында өтүп жатат.

21-апрелде башталган бул жумалыктын алгачкы күнү Бишкекте салттуу музыка боюнча кароо-сынак, дастан айтышуу, күү күнү саамалыктары өттү. 22-апрелде Айтматов кино үйүндө “Манасчы” даректүү тасмасы, Улуттук драма театрында “Коркут” драмасы коюлду. 23-апрелде да кароо-сынак жана ыр күнү белгиленди. Жумалык эртең аяктайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG