Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына тасмалар кабыл алына баштады


Фестивалда сыйлык катары берилүүчү статуэтка.
Фестивалда сыйлык катары берилүүчү статуэтка.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын кезектеги фестивалына фильмдерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди.

"Бир дүйнө - Кыргызстан -2018" даректүү фильмдер фестивалына эмгектер 25-апрелден 25-майга чейин кабыл алынат. Убактысы бир сааттан ашпашы керек. Атайын топтун тандоосунан өткөн тасмалар фестивалга катышат.

Фестиваль быйыл “Бүгүн, эртеңки күн үчүн иштейбиз!” деген ураан менен 12-17-ноябрь күндөрү Бишкекте өтүп, андан ары аймактарда уланат. Иш-чаранын быйылкы айлампасы БУУнун адам укуктары боюнча "Адамдын ар-намысы үчүн" декларациясынын кабыл алынышынын 70 жылдыгына арналат.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы ушуну менен он экинчи ирет өтүп жатат. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.

Бул фестивалга "Азаттыктын" журналисттери даярдаган бир нече фильм катышып, байгелерди багынткан. (ErN)

Төлөкан Исмаилова менен маекти бул жерден угуңуз:

"Бир дүйнө - Кыргызстан" тасмаларды кабыл алууну баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG