Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:07

Ош шаарында 12 кабат үйдөн чыккан өрттөн алты киши жабыркады (видео)


Оштогу 12 кабат имараттын өрттөнүп жаткан учуру.

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдү өрт чалып, өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрликке өрт чыкканы тууралуу түнкү саат 23:23тө маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн, Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм, №85 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган. Аларга Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП (ППУ) авто унаасы менен келип, көмөктөшкөн.

Өрттүн натыйжасында 5-кабаттагы эки батирдин эшиги, коридору жана үй эмеректери күйгөн.

Баштапкы маалымат боюнча өрттүн кесепетинен алты адам жабыркап, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Мындан сырткары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 20 кызматкер жана "Тез жардам" кызматынан үч бригада тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Өрт 00:50дө толук өчүрүлгөн. Учурда себеби такталууда. Кошумча маалымат берилет. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG