Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Башкы прокурордун кызматына Өткүрбек Жамшитов көрсөтүлдү


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматына Өткүрбек Жамшитовду сунуш кылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик аппараттагы маалымат булактары кабарлашты.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Жамшитовдун талапкерлигин 24-апрелдеги жыйында талкуулай тургандыгы кабарланды.

Парламенттин басма сөз кызматы башкы прокурордун маселеси аталган комитеттин күн тартибинде жоктугун, бирок жыйындын жүрүшүндө сунушталышы мүмкүн экенин билдирди.

Өткүрбек Жамшитов 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG