Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат

Өткүрбек Жамшитов коалиция жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.
Өткүрбек Жамшитов коалиция жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция бүгүн башкы прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап жатат. Депутаттар Жамшитовдун пландарын өзү менен суроо-жооп иретинде талкуулап жатышат. Коалицияда КСДП, "Бир Бол", "Кыргызстан" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары бар. 

Жамшитовду бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды. Аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жактырды. 25-апрелде маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. 

43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов Оштун Кара-Суу районунда төрөлгөн. 2015-жылдын июлунан бери Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеп келет.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG