Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:45

Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңештин депутаты болду


Сүрөттө Сагындык Келдибаев жана анын орус жарандыгы жоктугун тастыктаган документ.
Сүрөттө Сагындык Келдибаев жана анын орус жарандыгы жоктугун тастыктаган документ.

Борбордук шайлоо комиссиясы Сагындык Келдибаевди Жогорку Кеңешке “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат кылып каттап, 24-апрелде мандат тапшырылды. Ал вице-премьер-министрлик кызматка кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы бар экени, Орусиянын да жарандыгын алганы тууралуу кабар тараткан. Өзү "Азаттыкка" комментарий берип, мурда орус жарандыгы болгонун, аны 2014-жылдын 23-декабрында тапшырганын билдирген.

Жаңы депутат 51 жашта. (SE)

XS
SM
MD
LG