Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Торонтодо адамдарды тебелетип кеткен айдоочунун аты аталды


Окуядан кийинки учур. Торонто, 23-апрель, 2018-жыл.
Окуядан кийинки учур. Торонто, 23-апрель, 2018-жыл.

Канададагы ири шаар Торонтодо автоунаа сүзүп, кайтыш болгон кишилердин саны 10го жеткенин полиция кабарлады. Дагы 15 адам жарадар.

23-апрелде белгисиз киши автоунаасын тротуарга айдап, адамдарды тебелетип кеткен.

Айдоочу окуядан кийин дароо эле кармалды. Ал 25 жаштагы Алек Минассиан аттуу студент экени, жергиликтүү коллежде билим алаары кабарланды.

Шектүү адамдарды атайылап сүзгөнү айтылганы менен анын бул жоругунун чоо-жайы тактала элек. Шаар полициясынын башчысы Марк Сондерс шектүү мурда кылмышкерлердин же кай бир террордук топтун каттоосунда болбогонун билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG