Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Ош шаарына таза суу берүү эки күнгө токтотулат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарына таза суу берүү эки күнгө токтотулат. “Суу канал” ишканасы маалымдагандай, тазалоо иштерине байланыштуу 24-апрелде түнкү саат 00:00дөн 26-апрель саат 00:00гө чейин суу токтойт. Эки күн аралыгында суу кампалары жана түтүктөр тазаланмакчы.

Ош шаарында 300 миң суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Жыл сайын жазында жана күзүндө эки күнгө суу өчүрүлүп, ремонт жүргүзүлөт. (YI)

XS
SM
MD
LG