Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ЖАМКтын кызматкери пара берип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине үч миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) механикалык көчмө колоннасынын башчысы И.Ю. кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык акча каражаты кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана колдонууга берилген мүлктү максатсыз колдонуу фактылары боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын оңуна чечип берүүгө жумшалган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси ("Пара берүү") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG