Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:22

Ооганстанда тогуз жоокер жана полиция офицерлери өлтүрүлдү


Ооганстандын борбору Кабулда жардыруу болгон жер. 22-апрель, 2018-жыл.

Ооган бийлиги «Талибан» кыймылынын жаңы чабуулдарынан тогуз аскер жана полиция офицерлери каза тапканын 24-апрелде билдирди.

Фарах провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мухаммад Насер Мехри «Талибандын» жоочулары өткөрмө бекетке кол салганда кеминде беш жоокер өлтүрүлүп, дагы экөө жараланганын билдирди. Бир нече саатка созулган кармашта талибдердин алты согушкери өлтүрүлүп, дагы үчөө жарадар болду.

Өлкө чыгышындагы Ганзи провинциясындагы кол салууда жергиликтүү полициянын алты кызматкери каза таап, жетөө жарадар болду. Провинциянын губернаторунун өкүлү Ариф Нури коопсуздук бекетине кол салуу болгонун, андан кийинки кармашта согушкерлер артиллерияны жана гранатометторду колдонушканын билдирди.

“Талибандын” басма сөз катчысы Забихулла Мужахид куралдуу кыймыл Ганзидеги кол салууну мойнуна алаарын билдирди.

Бүгүн Ооганстандын саламаттык сактоо министри 22-апрелде Кабул шаарында жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 60ка жеткенин маалымдады.

Дүйшөмбүдө өлкөнүн түндүгүндө талибдердин кол салуусунан 18 киши, анын ичинде полиция кызматкерлери өлгөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG