Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Сенат комитети Майк Помпеону мамлекеттик катчылыкка сунуш кылды


Майк Помпео, 13-февраль, 2018-жыл.
Майк Помпео, 13-февраль, 2018-жыл.

АКШ Сенатынын Эл аралык мамилелер комитети Майк Помпеонун талапкерлигин мамлекеттик катчынын кызматына сунуш кылды.

Анын талапкерлигин 11 сенатор колдоп добуш берсе, тогузу каршы болду. Добуш берүүгө чейин президент Дональд Трамп республикачыл сенатор Пол Рэндге телефон чалып, Помпеонун талапкерлигин колдоп берүүгө ынандырды.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчиси Майк Помпео мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон кызматтан кеткенден кийин ушул орунга көрсөтүлгөн.

Бирок анын талапкерлигин демократтар катуу сындап, Трампка жакындыгын жактырышкан эмес. Сенаттын толук курамы жакында Помпеону мамлекеттик катчынын ордуна бекитет деп айтылууда.

54 жаштагы Майк Помпео былтыр 23-январда ЦРУнун директорлугуна дайындалганга чейин 2011-2017-жылдары АКШ Конгрессине Канзас штатынан мүчө болгон. Кезинде Гарвард университетинен билим алган. Эгер эми Сенат бекитсе, ал АКШнын жетимишинчи мамлекеттик катчысы болот.

XS
SM
MD
LG