Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

АКШ: Трамп башкы дипломатын алмаштырды


Рекс Тиллерсон жана Майк Помпео.
Рекс Тиллерсон жана Майк Помпео.

АКШда мамлекеттик катчы алмашты. Президент Дональд Трамп өзү жарыялагандай, ал мамлекеттик катчылыкка ЦРУнун башчысы Майк Помпеону көргөздү.

Рекс Тиллерсонду мамлекеттик катчы кызматынан бошотконун президент Дональд Трамп, адаттагыдай эле, оболу 13-мартта Twitter баракчасы аркылуу жарыялады, ага иши үчүн ыраазычылык жолдоду.

Кийин Ак үйдөн кабарчылар менен маегинде Трамп Тиллерсонду кызматтан алуу анын “жеке өзүнүн чечими” экенин айтып, мамлекеттик катчы экөөнүн ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер болгонун ачыктады:

Президент Трамп кабарчылар алдында сүйлөөдө. Вашингтон, 13-март, 2018-жыл.
Президент Трамп кабарчылар алдында сүйлөөдө. Вашингтон, 13-март, 2018-жыл.

- Биздин мамилебиз жакшы эле болду. Бирок айрым маселелерде орток пикир тапкан жокпуз. Мисалы, Иран келишимин (Ирандын өзөктүк программасы боюнча) карагыла! Менимче, бул эң жаман келишим, ал жакшы деп ойлоду. Мен муну токтотуп же башка бир нерсе кылууну каалагам. Ал болсо бир аз бөлөкчө ойлонду. Андыктан биздин көз-карашыбыз бир жерден чыккан жок.

Мамлекеттик катчылыкка 2017-жылдын 1-февралында бекитилген, дипломатияга чоң бизнестен – Exon Mobile мунай компаниясынын башчылыгынан келген Рекс Тиллерсондун кызматтан алынганы - ал Африкадагы сапарынан Вашингтонго кайтып келген соң жасалды.

Тиллерсон кызматтан бошотулары жөнүндө Трамптын жарыясына чейин кабардар болгон эмес. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын орун басары Стив Голдстейн билдирип, Тиллерсон кызматтан эмне себептен алынганын билбей турганын кошумчалады.

13-мартта Ак үй Голдстейндин өзүн да мамлекеттик катчынын орун басары кызматынан алды.

Президент Трамптын жарыясынан бир нече сааттан соң Мамлекеттик департаменттен сүйлөгөн учурунда Тиллерсон кызмат милдетин орун басары Жон Салливанга өткөрүп жатканына, ал эми иштен расмий түрдө ушул айдын соңунда кетерине токтолду.

Рекс Тиллерсон Африкадагы Чад өлкөсүнөн АКШга кетип жаткан учур. 12-март, 2018-жыл.
Рекс Тиллерсон Африкадагы Чад өлкөсүнөн АКШга кетип жаткан учур. 12-март, 2018-жыл.

​Ал мамлекеттик катчылыктан кетери тууралуу жоромолдор америкалык медиада буга чейин эле чыгып жаткан.

Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, Трамп командасы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен күтүлгөн ыктымал сүйлөшүүлөргө чейин жаңы адамдар менен толукталуусун көздөөдө.

Талдоочулар Тиллерсон менен Ак үй ортосунда Түндүк Корея маселесинде да карама-каршылыктар болгонуна көңүл бурушту.

Былтыр сентябрда Тиллерсон Кытайга барган учурунда АКШнын расмий адамдары Түндүк Корея бийлиги менен байланыш каналдарын орнотуу үстүндө иштеп жатканын айтса, Трамп мамлекеттик катчыга Twitter аркылуу “убактысын текке кетирбөөгө” кеңеш берген.

Тышкы саясий мекеменин жаңы башчылыгына президент Дональд Трамп эми буга чейин АКШны Борбордук чалгын кызматы – ЦРУну башкарып келген Майк Помпеону көргөздү жана аны жөндөмдүү, өзүнө пикирлеш адам катары сыпаттады:

- Мен Майк Помпео менен узактан бери иштейм. Анын жигери, интеллектиси эбегейсиз. Биз дайыма бир толкундабыз, мамилебиз абдан жакшы. Ушул себептен ал мага мамлекеттик катчы катары керек.

Трамп ошондой эле Ак үй тараткан билдирүүсүндө Помпео “АКШнын дүйнөдөгү турумун калыбына келтирүү, биздин альянстарды чыңдоо, душмандарга каршы туруу, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууну көздөө боюнча биздин программаны улантат”, - деп белгиледи.

54 жаштагы Майк Помпео былтыр 23-январда ЦРУнун директорлугуна дайындалганга чейин 2011-2017-жылдары АКШ Конгрессине Канзас штатынан мүчө болгон. Кезинде Гарвард университетинен билим алган. Эгер эми Сенат бекитсе, ал АКШнын 70-мамлекеттик катчысы болот.

Ал эми ЦРУнун башкы директорлугуна президент Трамп буга чейин директордун орун басары кызматын аркалаган Жина Хаспелди көргөздү. Эгер ал бекитилсе, ЦРУну башкарган алгачкы аял болот.

ЦРУнун жаңы жетекчиси мурда кыска убакытка АКШнын бул атайын кызматынын Таиланддагы жашыруун түрмөсүн башкарган.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин аты аталбаган мурдагы жана азыркы чалгын офицерлерине шилтеме жасап жазганына караганда, ал түрмөдө 2002-жылы АКШ терроризм үчүн айыптаган Абу Зубайданы жана Абд ал Рахим ал-Насрини суракка алууда сууга тумчуктуруу ыкмасы колдонулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG