Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:01

«Чоң жети» Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр


«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Торонто шаарындагы жыйында. 22-апрель, 2018-жыл. / Lars Hagberg

«Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эгер зарыл болсо Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти. Бул тууралуу Канаданын Торонто шаарындагы министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Дүйнөнүн өнүккөн жети өлкөсүнүн министрлери Орусияны «бүлүк салган аракеттерин» токтотууга, «башка өлкөлөрдүн демократиялык системаларына кийлигишүүдөн» алыс болууга жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөштү.

Буга чейин британ тышкы министри Борис Жонсон «Чоң жетиге» кирген өлкөлөр Орусиянын «кастык мамилесине» көз салып туруш үчүн атайын топ түзөөрүн билдирген.

Ошол эле маалда чөлкөмдүк жана глобалдык жаңжалдарды жөнгө салууда «Чоң жети» Орусия менен диалогдун жолун издөөнү улантаары да айтылат. АКШнын мамлекетти катчысынын милдетин аткаруучу Жон Салливан Москва «конструктивдүү өнөктөш» болууга тийиш экенин белгиледи.

Өткөн айда Евробиримдик 2014-жылы Орусияга киргизилген санкцияларды дагы жарым жылга узарткан.

"Чоң жетинин» тышкы иштер министрлеринин жыйыны Торонтодо 21-23-апрелде өттү. Бул топко дүйнөнүн өнүккөн жети өлкөсү: АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада кирет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG