Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

"Чоң жети" Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр


Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШ президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШ президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй.

"Чоң жетинин" бардык лидерлери Украинанын чыгышындагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткарбаса, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даярдыгын маалымдашты.

Дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы жети өлкөнүн лидерлери 26-27-майда Италиянын Сицилия аралына чогулушту.

Италияда өткөн саммитте "Чоң жети" тобуна мүчө мамлекет башчылардын лидерлери глобалдык жылуулук боюнча пикир келишпестиктерди жеңе алышкан жок.

Жыйын соңундагы биргелешкен билдирүүдө АКШ азырынча климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу маселесинде чечим кабыл ала электиги айтылат. АКШ президенти Дональд Трамп Твиттер баракчасына “Париж келишими боюнча акыркы чечимди кийинки аптада кабыл алам” – деп жазды.

Калган алты мамлекеттин лидерлери 2015-жылдагы Париж келишимин сактоого даярдыгын билдиришти.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

Ошондой эле бардык өлкөлөр саммиттин жыйынтыгындагы документке протекционизмге каршы күрөшкө чакырыкты кошууга, "адилетсиз соода тажрыйбасына" каршы туруу милдеттенмесин алууга макул болушту.

Буга чейин Дональд Трамп протекционисттик чараларды колдоп, АКШ өзүнүн батыштагы алдыңкы өнөктөштөрү, Кытай жана өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттер менен адилетсиз соода шарттарынан жапа чегип жатканын айткан.

"Чоң жетинин" бардык лидерлери мындан тышкары Украинанын чыгышындагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттерин аткарбаса, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даярдыгын маалымдашты.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск саммитке келгендерди Украинадагы жаңжал боюнча биримдикти көрсөтүп, Орусияга санкцияларды узартарына үмүттөнүп турганын айтты.

"Биз Украинанын көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүн толук колдойбуз. Андагы жаңжал Минск келишими толук аткарылганда гана чечилет. "Чоң жетинин" акыркы, Жапониядагы саммитинен бери Орусияга каршы санкциялык саясатыбызды өзгөртүүгө түрткү берген эч нерсе көрө албадык. Ошон үчүн "Чоң жетинин" лидерлерин ал саясатты уланта берүүгө чакырам", - деди Туск.

Ал бул "Чоң жетинин" акыркы жылдардагы эң оор саммити" экенинен күмөн санабай турганын да билдирди.

"Чоң жетинин" лидерлери.
"Чоң жетинин" лидерлери.

Лидерлер жасаган билдирүүдө терроризмге каршы күрөштү күчөтүүнү жана соода жүргүзүүдө бир пикирге келүү макулдашылганы да айтылат.

АКШнын, Улуу Британиянын, Канаданын, Франциянын, Италиянын, Жапониянын жана Евробиримдиктин лидерлери катышкан эки күндүк саммитте алар 22-майда Манчестерде 22 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин Лондонго колдоо да билдиришти.

Британ премьери Тереза Мэй өз сөзүндө терроризм менен күрөшкө токтолуп, экстремисттер согуш талаасында алсызданып бараткандыктан интернетти активдүү колдоно баштаганына көнүл бурууну эскертти.

"Чоң жетиге" АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада кирет. Бул жолку саммитке АКШ менен Франция президенттери биринчи ирет катышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG