Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

Украинанын чыгышында согушкан казак жараны соттолууда


Украинанын Донецк шаарындагы көрнөк. 26-февраль, 2015-жыл.
Украинанын Донецк шаарындагы көрнөк. 26-февраль, 2015-жыл.

Казакстандын Караганды шаарында Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдердин катарында согушкан казак жаранынын соту башталды. 31 жаштагы казак жаранына 2015 жана 2016-жылдары “чет өлкөдө куралдуу жаңжалга катышкан” деген айып тагылган.

Шектүү ошондой эле "Караганды шаарынын эки тургунун өлтүрүүгө тиешеси бар" деген кинеден кутулду. Ал сотто кылмыш жасалганы тууралуу полицияга кабар бербегенин мойнуна алды.

Буга чейин бир нече казак жараны "Украинанын чыгышында орусиячыл топтордун катарында согушкан жана Интернетте улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталып, сот жообуна тартылган.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Украинанын чыгышында жикчилдер менен украин армиясынын куралдуу кармашы башталган. 2014-жылдын апрелинен бери 10 миң 300дөн ашуун киши кырылды.

Москванын Крымды тартып алганы Орусиянын башка коңшуларынын тынчсыздануусун туудурган. Казакстандын түндүк бөлүгүндө, анын ичинде Караганды облусунда орус улутундагылар басымдуулук кылат.

XS
SM
MD
LG