Өзбекстандын ТАПИ - Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия - трансулуттук газ куурунун курулуш долбооруна катышуу ниети бар. Бул тууралуу 23-апрелде өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушкандан кийин билдирди.
Эки лидердин жолугушуусунан кийин өзбек тарап атайын жумушчу топ түзүп, бул багытта иш баштоого даяр экени кабарланды. Буга чейин Бердымухамедов газ куурун тартуу үчүн Өзбекстандан материалдык жана моралдык колдоо сурай турганы айтылып жаткан.
Борбор менен Түштүк Азияны туташтыруучу ТАПИ газ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырымды түзөт. Ал толук кубаттуулукта иштегенде Түркмөнстандан жылына Ооганстан, Пакистан, Индия бөлүп ала турган 33 миллиард метр куб газды ташып тураары пландалган. Куурду төшөөнүн жалпы наркы 10 миллиард доллар деп эсептелүүдө.