Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

"Берекет" базарында чыккан өрт боюнча эки адам камакка алынды


Бишкектин "Берекет" базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.
Бишкектин "Берекет" базарында чыккан өрт. 13-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Ош базарында 13-апрелде чыккан өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Берекет" базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

"Берекет" базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарында үчүнчү ирет чоң өрт чыкты. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

XS
SM
MD
LG