Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы болуп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко шайланды.
Бул кызматка Никитенко менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги коюлду. Бюллетень аркылуу жабык добуш берүүдө эл өкүлдөрүнүн 76сы Никитенкону, 37си Шайназаровду колдоду.
Ал эми Бюджет жана финансы комитетинин башчылыгына Зиядин Жамалдинов менен Эмил Токтошев көрсөтүлүп, Токтошев 66, Жамалдинов 50 добуш алды.
"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык, бул эки комитетти оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү башкарат. Мурда аларды "Республика - Ата Журттун" мүчөлөрү Мирлан Жээнчороев, Таабалды Тиллаев жетектеген. Аталган фракция өткөн жумада көпчүлүк коалицияга кошулган. (SE)