Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ӨКМ: Бишкектеги катуу шамалдан эч ким жабыркаган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова маалымдады. Кечээ 24-апрелде саат кечки саат жети жарымдан онго чейин Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал жүргөн.

- Зым карагайлар кулаган, дарактар кулап, унааларды басып калган учурлар болгон. Бирок опурталдуу кыйроо болгон жок. Шамалдан эч ким каза болуп же жабыр тарткан жок. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган жок, себеби ал үчүн шамалдын ылдамдыгы 25 метрден ашкан жок, - деп билдирди ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

Катуу шамалдын кесепетинен Сокулук районунун Романовка айылынын Гагарин көчөсүндөгү №12 турак үйдүн бастырмасынын 15 чарчы метр чатырын шамал учурган.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Ысык-Көл көчөсүндөгү 14-турак үйдүн 33 даана шиферин жана Ленин айылынын Алматы көчөсүндөгү 384-турак үйүнүн чатырын шамал учурган. (KR)

XS
SM
MD
LG