Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Вебкам-сойкуларга каршы күрөш күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында порнографиялык кызмат көрсөткөн вебкам-моделдердин көмүскө жайларын уюштуруу боюнча эки кылмыш иши козголуп, ага шектүү эки адам убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, жакында материалдар тергелип бүткөн соң сотко жөнөтүлөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алган.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

260-берене ("Сойкулук кылууга тартуу"), 261-берене ("Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") деп аталат. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин камалат. (KR)

XS
SM
MD
LG