Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Эл аралык донорлор Сирияга берилчү жардамды талкуулап жатат


Cириянын Чыгыш Гута аймагынан эвакуацияланган балдар, 22-апрель, 2018-жыл.
Cириянын Чыгыш Гута аймагынан эвакуацияланган балдар, 22-апрель, 2018-жыл.

Шейшембиде Брюсселде башталган эл аралык донорлордун эки күндүк жыйынында Сирияга жардам көрсөтүш үчүн алты миллиард доллар жыйноо зарыл экени белгиленди. Бул каражат жалаң эле Сириянын өзүнө эмес, анын жанындагы качкындарды кабыл алып жаткан Иорданияга, Иракка, Египетке да жардам катары бөлүнөрү айтылды. Улуттар Уюмунун жана Евробиримдиктин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан жыйынга 85 мамлекеттин өкүлдөрү чогулушту.

24-апрелде сүйлөгөн сөзүндө Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Сириядагы гуманитардык кырдаал оорлошуп баратканын белгиледи. Анын айтымында, ушул тапта жайкын тургундарга сыртка чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк жок. Анткени чек аралар катуу көзөмөлдөнүп, ал эми коңшу өлкөлөргө качкындар батпай калды. Маселен, Иордания жалпысанан бир жарым миллионго жакын сириялык качкынды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG