Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:21

Сириядагы сегиз жылдык тирүүнүн тозогу


Бомбалоодон жабыркагандарга жардам көргөзүү учуру. Чыгыш Гутанын Дума шаарчасы, 22-февраль, 2018-жыл.

15-мартта Сириядагы жарандык согуштун башталганына сегиз жыл болду.

Андан бери, айрым маалыматтарга караганда, 350 миңден көп киши каза тапты. Алардын үчтөн бир бөлүгү жайкын адамдар. Бир миллиондон ашууну жарадар болду, дагы 12 миллиондой адам качкынга айланды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн болсо майнап чыкпай келатат.

Дээрлик күн сайын бомбалоодон жашынып 300дөй киши бир нече аптадан бери Дума шаарындагы жертөлөдө жан сактап келатышат. Бөлмөлөрдүн ортосу шейшептер менен бөлүнгөн. Тамак бышырган, жууна турган жер же даараткана албетте жок. Балдар болсо эч нерсе болбогондой ойноп, жүгүрүп жүрүшөт.

Алыс эмес жерде болсо куткаруучулар урандылардын астынан жарадар болгондорду, өлүктөрдү алып чыгып жатышат.

Чыгыш Гутадан чубаган качкындар. 15-март, 2018-жыл.
Чыгыш Гутадан чубаган качкындар. 15-март, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш “жердеги тозок” деп сүрөттөгөн Чыгыш Гутадагыдай мындай көрүнүш 7 жылдан бери жарандык согуш басылбай келаткан Сирия үчүн көнүмүшкө айлангандай.

Ошол жети жыл ичинде Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун маалыматы боюнча 350 миңден көп киши каза болду. Жериндеги топтордун жардамы менен жыйналган статистика 2011-жылдын 15-мартынан берки мөөнөттү камтыйт.

Куралдуу жаңжал 106 390 жайкын тургундун өмүрлөрүн алып кетти. Алардын 20 миңге жакыны жашы жете элек балдар, 12,5 миңи аялдар. Андан тышкары 64 миңдей өкмөттүк аскерлер курман болду. Өкмөт тарабында согушкан куралдуу кошуундардын жоготуулары 58 миңден ашат. “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана башка экстремисттик топтордун 62 миңдей мүчөсү жок кылынган", деп маалымдайт "Сирия Обсерваториясы" уюму.

Ар кайсы булактардын билдиргенине ылайык, жети жыл ичинде бир миллиондон ашуун киши жарадар болду, 12 миллиондон көбү же урушка чейинки өлкө калкынын жарымы үй-жайын таштоого мажбур болуп качкынга айланган.

Сириядагы Алеппо университети. 2011-жыл.
Сириядагы Алеппо университети. 2011-жыл.

Баары 2001-жылы Тунис менен Египеттеги "Араб жазы" деген көтөрүлүштөрдөн башталган. Алардын артынан Сириядагы демократиячыл күчтөрдө да үмүт пайда болуп, тынч демонстрациялар уюштурулуп келет. Башар Асаддын өкмөтү элдик толкундоолорду күч менен басып, жүздөгөн демонстранттар өлтүрүлөт, далайы кармалат.

Ошол эле жылдын июль айында куралдуу күчтөрдөн чыккан топ Асад режимине каршы күрөшүү үчүн "Сириянын Эркин Армиясын" түзүшкөнүн жарыялап, өлкө бара-бара жарандык согушка бата баштайт. Жаңжалга аймактагы жана дүйнөлүк оюнчулар да тигил же бул деңгээлде жигердүү катышып келатышат. Иран жана Орусия Дамасктын бийлигин колдошсо, Түркия менен АКШ козголоңчулар тарабын ээлешкен.

Сирия өкмөтү менен оппозициянын тынчтык сүйлөшүлөрүнөн майнап чыкпай келатат. Тараптар президент Асаддын келечегине келгенде мунаса таба албай жатышат. Бир нече жолу жарыяланган ок атууну токтотуу режими да улам бузулуп, өкмөт менен козголоңчулар бул үчүн бирин бири айыпташууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG