Жүзгө жакын демонстранттар Ереванда эл аралык "Звартноц" аэропорту менен баш калааны туташтырган кара жолду жабышты. Жүздөгөн машинелер шаарга кире албай калды. Ошол эле учурда аэропортко бараткан авиажүргүнчүлөр машинелерин таштап жөө жөнөштү.
Армениянын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети текшерүү-өткөрмө бекеттеринде иш үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди. Мурдараак нааразылык акциясына чыккандар Грузияга кеткен автотрассаны бөгөшкөнү кабарланды. «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Иран менен чек арасын туташтырган Ереван – Мегри жолу, ошондой эле түндүктөгү Ереван – Севан жолу да тосулганын жазды. Ошондой эле Армениянын башка шаарлары да наразылык иш-чараларына кошула баштаганы маалым болду.
Бүгүнкүгө белгиленген Пашинян менен өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан, башкаруучу Республикачыл партиянын өкүлү Карен Карапетяндын жолугушуусу болбой калды.
Бүгүн Никол Пашинян баштагандар Еревандын көчөлөрүнө нааразылык иш-чараларына кайра чыгышты. Армениянын баш калаасына атайын күчтөр тартылып, чопкутталган аскер техникасы аянтка чыгарылды. Дүйшөмбүдө өкмөт башчы Серж Саргсян 11 күн бою тынбай өткөн массалык демонстрациялардан кийин бийликтен кеткен.