Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Сойлу: Түркияны качкындардын жаңы толкуну басты


Түркия-Иран чек арасына жакын жердеги Агри шаарындагы ооган качкын, 11-апрель, 2018-жыл.
Түркия-Иран чек арасына жакын жердеги Агри шаарындагы ооган качкын, 11-апрель, 2018-жыл.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жыл башынан бери 30 миң оогандын өлкөгө киргенин "качкындардын жаңы толкуну" деп атады.

Сойлу үстүбүздөгү жылдын январынан тарта 29 миң 899 киши киргенин айтып, былтыркы жылы келген 45 миң 259 качкын менен салыштырды.

“Соңку айларда качкындардын жаңы толкунуна кабылдык, айрыкча Ооганстандан келгендер көп”, – деген Сойлу 1 миң 328 киши адам сатууга айыпталып, кармалганын кошумчалады.

Түркия Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнөн Европага жакшы жашоо издеп агылгандар үчүн негизги транзиттик жол болуп саналат.

Укук коргоочу топтор Анкаранын бозгундарды Ооганстанга кайтарып жатканын сындап, алардын өмүрү коркунучта экенин айтып коңгуроо кагып келишет.

Түрк бийлиги ушул айдын башында 7100 мигрантты Ооганстанга жөнөткөн. "Амнести Интернэшнл" уюму муну “аёосуз депортациялоо” деп атады.

“Миңдеген адамдар камалып жатат, алар жаңжал жүргөн аймактардан качып чыккандар эмес кылмышкерлер сымал кармалууда” деп айтылат Лондондо жайгашкан эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.

Уюмдун эсептөөсүнө караганда, учурда Түркияда 145 миң оогандык бар.

Ошондой эле бул өлкөдө 3 миллиондон ашуун сириялык качкын, 300 миңден арбын ирактыктар баш калкалап турат.

Түркия чыгышындагы Иран менен чек арасына дубал тургуза баштады. Буга чейин Сирия менен чегинин басымдуу бөлүгүн тоскон.

XS
SM
MD
LG