Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:13

Дүйнөдө качкындардын жана аргасыз көчкөндөрдүн саны жаңы рекорддук чекти багындырып, 65,6 миллионго жакындады. Бул тууралуу Улуттар уюмунун жылдык жаңы баяндамасында айтылат. Европада качкындар кризисиндеги чыңалуу мурдагыдан басаңдаганы менен БУУ комиссариаты көйгөй азыр да олуттуу экенине көңүл бурууда.

20-июнь дүйнөдө жыл сайын Качкындар күнү катары белгиленет. БУУнун жогорку комиссариаты мына ушул күндү утурлай жарыялаган жылдык баяндамасында үй-жайын таштоого аргасыз болгондор боюнча акыркы тенденцияларды талдады.

Алардын жаңы баяндамасынын жарыяланышы Европада качкындар кризисиндеги чыңалуу мурдагыдан кыйла басаңдагандай сезилип калган учурга туш келди:

- Мен биз өткөндөгүдөн жетиштүү эле сабак алдык деп үмүттөнөм. Чек аралар бардык жерде, Европада, анын сыртында да жабылгандыктан сириялыктар көрүнбөй калды. Алар мурдагыдай жыла албагандыктан унутта да калышууда. Бирок бул кризис али бар жана аны баары бир чечишибиз керек. Мен качындарды үйлөрүнө кайтаруу аркылуу чечилет деп үмүттөнөм, - деди БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Женевадагы басма сөз жыйында.

БУУнун акыркы эсеби боюнча 2016-жылдын аягы менен дүйнөдө качкындардын жана жер которууга аргасыз болгондордун саны 65, 6 миллионго жетти. Бул бир жыл мурдагыдан 300 миңге көп дегендик же дүйнөдө ар 113 адамдын бири качкын же жер которууга аргасыз болду дегенди туюндурат.

Ошол 65,6 миллион адамдын 22,5 миллиону качкындар, 40,3 миллиону өз өлкөсү ичинде жер которууга аргасыз болгондор, 2,8 миллиону дал ушу тапта качкын макамын алууга арыз бергендер.

Качкындардын жарымынан көбү Сирия, Ооганстан жана Түштүк Судандан чыккандар. Өзгөчө акыркы бир жыл ичинде түштүк судандык качкындардын саны кескин өсүп кетти.

Түштүк судандык качкын балдар Угандадагы лагерде. 16-июнь, 2017-жыл.
Түштүк судандык качкын балдар Угандадагы лагерде. 16-июнь, 2017-жыл.

Бул өлкөдө былтыр жайдан бери ички согуштун кайра жанданышы коңшу Угандага 800 миңден ушуун адамды качырган.

Сириялык качкындар менен өлкө ичинде жер аргасыз көчкөндөр саны 12 миллионго жетсе, оогандар 4,7, ирактыктар 4,2, түштүк судандыктар 4 миллионго жакын:

- Биринчи кезекте качкындар санын азайбастан көбөйгөнү жакшы жаңылык эмес. Анткени бул адамдардын массалык көчүүгө мажбурланышынын негизги себептери талаптагыдай чечилбегенинин белгиси. Мамлекет боло албаган мамлекеттердин же конфликтке кабылган өлкөлөрдүн феномени жер которууга мажбур болгондорго канчалык таасир бергенин көрүү абдан эле оор тиет. Качкындардын 54% Сирия, Ооганстан, Түштүк Судандан чыккандар. Ал эми өлкөсү ичинен жер которууга аргасыз болгон 40 миллион адамдын төрттөн үч бөлүгү он эле мамлекетте, - дейт БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди.

Ал эми качкындарды батырган өлкөлөр жагынан алдыда Түркия турат. Ал жерде 2,9 миллион качкын башпаанектөөдө. Андан башка Пакистанда 1,4, миллион, Ливанда бир миллион качкын бар.

Качкындардын Европага агымы басаңдаганы менен Германиядан мурда жана кийин келгендер эсебинен 2016-жылы башпаанек сурагандар саны 2 миллион адамга чаап барган.

Греция-Македония чек арасындагы качкындар. 31-март, 2016-жыл.
Греция-Македония чек арасындагы качкындар. 31-март, 2016-жыл.

Европага деңиз аркылуу адам ташууга ылайыксыз кайыктар менен жетүүгө умтулган качкындар менен мигранттардын саны үч эсе азайды.

Былтыркы жылдын беш айында Европанын жээктерине 194 миңге качкын же мигрант келип түшсө, быйыл бул көрсөткүч 60 миңдей болду.

Ушул ишемби күнү эле Италиянын жээк кызматы Жер ортолук деңизде үйлөмө кайыктар менен жүргөн 800дөй африкалык мигрантты аман-эсен куткарып калганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG