Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Советтик доордун эстелиги Ташкенттин борборуна кайра коюлат


Шаахмед менен Бахри Шамахмудовдорго коюлган эстелик
Шаахмед менен Бахри Шамахмудовдорго коюлган эстелик

Советтик доордун символу саналган 15 баланы асыраган өзбек үй-бүлөнүн эстелиги кайра Ташкент шаарынын борборуна коюлат. 24-апрелде мэрия Шаахмед менен Бахри Шамахмудовдорго коюлган эстелик баш калаадагы Эгемендик сарайынын алдына мурдагы ордуна кайра тургузуларын билдирди. Шамахмудовдор 1940-жылдары Советтер Союзунун батыш аймактарынан эвакуацияланган 15 жетим баланы асырап алышкан.

«Эл достугун даңазалаган эстелик Ташкенттин көркүн чыгарат. Ал баш калаада бир үй-бүлөдөй болуп жашаган жашаган ар улуттагыларды биримдикке жана достукка үндөйт» деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Ар улуттагы балдарды асыраган үй-бүлөгө эстелик 1982-жылы тургузулган. 2008-жылы аны Ташкенттин сыртына көчүрүп барышкан. Былтыр 9-майда эстеликти шаардагы Достук паркына коюлган.

XS
SM
MD
LG