Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Ташкентте Пушкиндин эстелиги алынды


Ташкенттеги Пушкиндин эстелиги
Ташкенттеги Пушкиндин эстелиги

Ташкентте 31 жылдан бери турган Пушкиндин эстелиги алынды. Бийликтер муну айкелди башка жакка көчүргөнү менен түшүндүрүүдө.

Бирок бул убада жөн гана тил эмизүү экенин айтып, Өзбекстан улуу орус акынынын элесин биротоло жок кылганын сынга алгандар да арбын.

Соңку жылдары Өзбекстан өкмөтү Ташкент шаарын өзгөртүү боюнча бир топ аракеттерди көрүп келе жатат. Анын ичинде орус акыны Александр Пушкиндин эстелиги тууралуу да этияттап маселе көтөрүлчү.

Аз күн мурда гана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн кийин акындын айкели Ташкентте турган ордунан алынганы белгилүү болду. Алгач расмий Ташкент, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Орусиянын Өзбекстандагы элчилигине түшүндүрмө берип, эстеликти которууну пландап жатканын кабарлаган.

Өзбек маалымат каражаттарында Пушкиндин эстелигин жылдыруу тууралуу маалыматтар азыркы окуядан эки-үч күн мурдараак жарык көрө баштаган.

Ташкент шаарынын акимчилигинин маалымат катчысы Хусан Эрматов 10-августтагы пресс-жыйында минтип айткан эле:

- Өзбекстандагы Орус маданий борборунун өтүнүнүчү менен биз ушул аракетке барып жатабыз. Бул эстелик “Пушкиндин доору” деген жаңы скверге жылдырылат. Азыр ал жаңы парктын архитектуралык чиймеси даяр болду.

Бирок парктын чиймеси Орус маданий борборунун өтүнүчүнөн кийин даяр болдубу же ага чейин эле иштелип чыкканбы, азырынча белгисиз. Расмий Ташкент жүйө келтирген Орус маданий борбору да эстеликти жылдырууну суранганын ачык билдирбегени менен, андай ишке каршы эместигин деле жашырбайт:

- Эстеликти азыр жибекчилердин имараты жакка жылдырганы жатышат. Ал жак деле жаман эмес, шаардын борбору эле. Адамдар барып турат. Жеке мен каршы эмесмин,- дейт Өзбекстандагы Орус маданий борборунун өкүлү Людмила Васильева.

Борбордун жетекчиси да Александр Аристов да өзбек маалымат каражаттарына берген маегинде эстеликти жылдырууга макул экенин ырастаган.

Пушкиндин эстелиги 41 жылдан бери Ташкенттин Мирзо-Улукбек районунда, Пушкин аянтында турчу. Эми анын айкели Шота Руставели жана Бабур көчөлөрүнүн кесилишине коюлушу мүмкүн.

Адистер орус акынынын эстелигинин жылдырылышын шаарды өзгөртүү аракети менен байланыштырууда. Буга чейин ондогон көчөлөрдүн, көп райондордун аталыштары башкага алмаштырылган. Маселен, аз жыл мурдараак эле калаадан Хамза жана башка өзбек ишмерлеринин аталышы өзгөртүлгөн.

Атактуу өзбек кинооператору Умида Ахмедова бул өзгөртүүлөргө сын көз менен карайт:

- Биринчиден, адамдар көнүп калган жайды, үйрөнүп калган жердин атын өзгөртүү бир топ кыжаалатчылык жаратат. Шаарды күн сайын өзгөртө берсе, жагымсыз болот экен. Азыр эми Пушкиндин эстелигин жаңы паркка көчүрөбүз деп жатышат. Балким ал куру эле сөздүр. Аны кудай билет. Кантсе да бул жерде орус маданиятын сүрүп чыгаруу деген нерсе байкалып тургандай.

Пушкиндин эстелиги 1974-жылы жылы, Пушкиндин 175 жылдыгына байланыштуу коюлган. Айкелди орусиялык скульптор Михаил Аникушкин жасаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG