Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 07:21

Бишкек шаарындагы “Асанбай борбору” маданий жана оюн-зоок жайында даректүү тасмалардын “АртДокФест" аттуу эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары “Азаттыкка” билдиришти.

Жалпысынан жети тасма көрсөтүлөт. Алар режиссер Беата Бубенецтин “Полет пули”, режиссер Виталий Манскийдин “Родные”, режиссер Руслан Федотовдун “Песни для Кита”, режиссер Мария Кравченконун “На пороге страха”, режиссер Ренато Боррайо Серранонун “Кино для Карлоса”, режиссер Алексей Тихомировдун “Экстремисты” жана режиссер Денис Клеблеевдин “Король Лир” аттуу тасмалары. Фестиваль Бишкекте 29-апрелге чейин уланат.

“АртДокФест" эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери Москвада өтүп келет. Даректүү тасмалардын көптүгү жана алардын коюлушу боюнча учурда Орусиядагы эң ири фестиваль болуп саналат. Фильмдер Орусиянын аймактарында жана коңшу мамлекеттердин борбор шаарларында да көрсөтүлөт. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG