Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Болот Сүйүмбаев кызматтан бошотулат

Болот Сүйүмбаев.
Болот Сүйүмбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы Болот Сүйүмбаев иштен бошотуларын өкмөттөгү ишенимдүү булактар "Азаттыкка" билдиришти.

Сүйүмбаев бул мекеменин жетекчиси болуп быйыл 16-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен дайындалган.

Ага чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кызматтан бошотулган.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Атамбаев ага президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган.

​
XS
SM
MD
LG