Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Ошто "өгөй кызын зордуктады" деп камалган кишинин соту болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук соту ишти бүгүн карай турганын жабырлануучу кыздын адвокаты Аваз Мирзаев билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы болуп Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат.

Жакындарынын сөзү боюнча, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, былтыр күзүндө төрөгөндөн кийин белгилүү болгон.

2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жабырланган кыз учурда таенесинин колунда тарбияланып жатат. Ал эми секелек төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG